Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Эски аянтта Садыр Жапаровду колдогондордун митинги уланууда


Садыр Жапаровду колдогондордун митинги.
Садыр Жапаровду колдогондордун митинги.

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тарапташтарынын митинги уланып жатат. Ага катышып сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн ар кайсы облустарынан келгенин айтышууда.

«Говори ТВ» каналынын Интернеттеги түз эфиринен митингге жүздөгөн адамдар катышып жатканын көрсө болот.

Айрым муниципалдык, жеке ишканалардын өкүлдөрү митингге кошулуп, келгендер сөз сүйлөөдө. Күндүн биринчи жарымында башталган митингге азырынча Садыр Жапаров өзү чыгып сөз сүйлөй элек экени кабарланды. Сөз алып сүйлөгөндөр катышуучуларды чагымга алдырбай, Эски аянттан чыкпоону суранууда.

Ошол эле учурда Жапаровдун тарапкерлери Бишкектин борбордук аянтта өтүп жаткан башка саясий топтун митингине барышканы кабарланды.

«Азаттык» радиосунун кабарчылары түшкө чейин бул митингди түз эфирде чагылдырып, бирок митингдин айрым катышуучулардын коркутуп, кол салуусунан кийин митингден кетүүгө аргасыз болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG