Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган митингчилер Ала-Тоо аянтына келишти.
Аларга уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккан жаш активисттер жана Опера жана балет театрында чогулган “Республика” партиясынын айрым тарапкерлери келип кошулганы кабарланды.
Бабанов элдин алдына чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ала-Тоо аянтындагы окуялардан улам өмүрү кыйылган 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун элесине бир мүнөттүк жымжырттык жарыялады. Аны улай маркумга арналып куран окулду.
Аянттан анча алыс эмес өкмөт үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүп жатышат.
Дагы караңыз
Атамбаев менен Бабанов баштаган митингчилер Жогорку Кеңеш тарапка бет алыштыДүйнөдө жакырлар 115 миллионго көбөйөтМуфтият күч түзүмдөрүн саясий оюндардан оолак болууга чакырдыАбдылдаев саясий күчтөрдү биримдикке чакырдыЧүй облусунун жана Бишкектин тургундары мыйзамсыздыкка каршыСурабалдиева: Мамлекетти криминалга башкартпашыбыз керек