Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Муфтият күч түзүмдөрүн саясий оюндардан оолак болууга чакырды


Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов.
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов.

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан видео билдирүү таратып, күч түзүмдөрүн саясий оюндардан оолак болууга чакырды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн бейтарап позициясын колдой турганын белгиледи.

«Укук коргоо органдары, армия көз каранды эмес бойдон калышы керек, кайсы бир партияга эмес, Кыргызстандын элине кызмат кылышы зарыл», - деди Маликов.

Муфтийдин орун басары бүгүн Кыргызстандын келечеги чечилип жатканын, деструктивдүү күчтөрдүн пайда болушун, жарандык кагылышуулардын алдын алуу зарыл экенин белгилеп, саясий күчтөрдү мунаса табууга чакырды.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте үч башка митинг өтүп жатат. Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары Өкмөт Үйүнүн алдына, уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанына чогулду. «Форум» ишканасынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери топтолуп, андан соң Ала-Тоо аянтына келишти.

XS
SM
MD
LG