«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев 9-октябрда Кыргызстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу элге кайрылды. Ал видеокайрылуусунда өлкөдө кырдаал өтө курч жана коркунучтуу болуп турганын айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарын жоопкерчиликти алып чогулууга, премьер-министрди шайлоого чакырды.
Текебаев 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптардан кийин толук жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу Өкмөт бир нече сааттын ичинде түзүлгөнүн, аны бардык саясий күчтөр жана дүйнөлүк коомчулук тааныганын эске салды.
Ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары жапырт тополоң менен аяктап, бийликтин жеңилгенине төрт күн болсо да, баары таанып, баш ийген өткөөл мезгилдин бийлиги калыптанбай жатканын кошумчалады.
«Бул биз үчүн, өзгөчө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, элди көтөрүп чыккан партиялар үчүн кечирилгис ката. Бул биздин кемчилигибиз. Революцияга катышкан партиялар сүйлөшүп, макулдашып, орток пикирге келип, бийлик органын ошол эле күнү, 6-октябрда эле түзүшү керек эле. Бүгүн төрт күн өттү. Андай келишимге келе албадык. Тилекке каршы, саясий күчтөр үч-төрткө бөлүнүп, ар кимиси өзүн негизгимин деп эсептеп, өзү өкмөт түзгөнгө аракеттенип жатат. Бүгүн талашсыз бир кырдаал бар. Бардык саясий күчтөр, ошонун ичинде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдө формалдуу болсо да президент жана парламент бар экенин моюнга алышты. Мыйзамдуу бийликти ушул эки институт аркылуу түзүүгө туура келет. Мыйзамга ылайык, эл ишенимине ээ болгон өкмөттү парламент кечиктирбестен түзүшү зарыл», - деген Өмүрбек Текебаев депутаттарга кайрылып, четке чыкпай, Кыргызстан коркунучта турганда тез арада жыйналып, премьер-министрди тандоого чакырды.
Ал бардык саясий күчтөргө кайрылып, парламент кайсы премьерди тандабасын, аны таанып, жардам берүүгө үндөдү. Күч түзүмдөрү парламенттин бүгүнкү жыйынынын эркин өтүшүн камсыз кылып бериши керек экендигин белгиледи.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүүдө. (NT)
Дагы караңыз
«Мекенчил»: Садыр Жапаровдун толук акталганы жөнүндө Жогорку соттун чечими бар«Азаттык» радиосунун кабарчысына түз эфирде коркутуу болдуБишкекте уюшкан кылмыштуу топторго каршы акция өтөтЖээнбеков: өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даярмынЭкс-депутат Салянова өкмөттү толук укуктуу президент гана кызматтан кетире аларын билдирди