Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:49

«Мекенчил»: Садыр Жапаровдун толук акталганы жөнүндө Жогорку соттун чечими бар


Садыр Жапаров (ортодо) Өкмөт Үйүнүн алдында тарапкерлерине кайрылган. Бишкек шаары. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров (ортодо) Өкмөт Үйүнүн алдында тарапкерлерине кайрылган. Бишкек шаары. 8-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаровдун толук акталганы тууралуу Жогорку сот 6-октябрда өкүм чыгарганын "Мекенчил" партиясынын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, өкүм 6-октябрь күнү Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка караларда чыккан.

"Жапаровду толук актоо боюнча Жогорку соттун өкүмү чыккан, - деди ал. - Ошонун негизинде Садыр Жапаров "Достук" мейманканасында парламент тарабынан өкмөт башчылык кызматка көрсөтүлгөн. Парламенттин 67 депутаты бир добуштан аны өкмөт башчылык кызматка бекиткен. Эми эртең ал программасын жана өкмөттүн курамын парламенттин отурумунда сунуштайт".

Бакыт Аманбаев Жогорку соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн "Азаттыкка" жиберүүгө убада берди.

Жогорку соттун 9-октябрда тараткан маалыматында Садыр Жапаров жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралганы айтылат.

Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган. Натыйжада Жазык-процессуалдык кодекстин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүш үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. Жапаров буга чейин Жогорку соттун чечими менен акталганын, анын негизинде премьер-министр кызматына талапкер боло аларын айткан.

Бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен. Бирок Садыр Жапаров муну төгүндөп, Матраимовдордун эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн айтып, өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирүүдө.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG