Песков: Жээнбековго башпаанек берүү маселеси азырынча күн тартибинде жок

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

8-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы абал боюнча комментарий берди. Ал кабарчылардын: «Эгер кыргыз лидери өлкөдөн чыгып кетсе, Москва ага башпаанек береби?» - деген суроосуна:

«Азыр бул тууралуу кеп жок. Күн тартибиндеги суроолорду карайлы», - деп жооп бергенин ТАСС агенттиги жазды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте экенин анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» 7-октябрда билдирген. Анын айтымында, мамлекет башчы бул күндөрү эч жакка кеткен эмес.

Казакстан, Түркия, Кытай, Орусия Кыргызстандагы соңку окуяларга реакциясын билдирип, кырдаал тез арада жөнгө салынарына ишеним билдиришти.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Сооронбай Жээнбеков «арызымды жазып, кетип калайын» деп айттырдыПрезидент импичмент маселесин талкуулоого даяр Президент Жээнбеков Мыктыбек Абдылдаев менен телефондон сүйлөштү

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.