Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Президент Жээнбеков Мыктыбек Абдылдаев менен телефондон сүйлөштү


Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрдагы видеокайрылуусунан алынган сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрдагы видеокайрылуусунан алынган сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев менен өлкөдөгү соңку кырдаалды 8-октябрда телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу президенттин жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматтары "Азаттыкка" кабарлады.

Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүлөрдү билдирди:

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент азыр болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, легитимдештирүү зарылдыгы турганын, ошондуктан өкмөттүн курамы болобу же башка органдардагы кадрдык өзгөрүүлөр болобу, жарлык жана парламент тарабынан сунушталчу расмий кагаздарга кол коюуга, сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи».

Стамалиеванын айтымында президент «сүйлөшүүдө негизги ролду парламент төрагасынан көрөрүн», «сүйлөшүүлөр үчүн бирдиктүү аянтча керек экенин билдирген».

Жогорку Кеңеш тараткан маалыматка караганда Мыктыбек Абдылдаев өз кезегинде «айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталганын эскертип», «кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албай” турганын белгилеген.

Стамалиеванын айтымында президент өлкөдөгү саясий кырдаалды укуктук алкакка алып келгенден кийин гана импичмент маселесин талкуулоого даяр экенин билдирген.

Стамалиеванын президент Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Бишкек шаарында, кырдаалды телефон аркылуу эмес, көзмө-көз сүйлөшүүгө даяр экенин да кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманканалардын биринде чукул жыйын өткөрүп, парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелерин талкуулаган. Бирок кворум жок деген негизде жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Айрымдар импичмент боюнча так позицияларын билдирген эмес.

Жыйынга катышкан депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Абдылдаев президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушка кол койбой койгонун маалымдаган.

Президент Жээнбеков кризисти чечишү үчүн саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтүп жатканын жана сүйлөшүүлөргө даяр экенин буга чейинки элге кайрылууларында да билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

Парламенттин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин «Азаттыкка» комментарий берип, «депутаттар маселени карай турган болсо, аны адегенде күн тартибине киргизиш керек» деген жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG