Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрүнүн жыйыны «техникалык себептерге байланыштуу үзгүлтүккө учураганын» жыйын өтүп жаткан Бишкектеги «Рамадан» мейманканасынын кызматкерлери «Азаттыкка» билдиришти.
Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында жыйын өтө көп кишилер келгенине байланыштуу үзгүлтүккө учурады.
«Жыйынды бардыгы түз эфир аркылуу көрсөтүп жатышкандыктан, ага келген адамдар да көбөйүп кетти, - деди ал. - Мейманкананын жетекчилиги аянттагы адамдар да келип, тополоң болбосун деп чочулап, бизден жыйынды токтотууну аябай суранды. Биз жыйыныбызды чукул жыйынтыктоого аргасыз болдук».
Динара Ошурахунова ошентсе да жыйын максатына жеткенин айтты. Анын сөзүнө караганда, жыйын өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, кайра шайлоо процедураларына байланышкан маселелерди талкуулоо максатын көздөгөн. Жыйынга жарандык активисттер, айрым саясатчылар, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев катышты. Ал өз сөзүндө Коопсуздук кеңеши учурдагы жалгыз легитимдүү бийлик экенин билдирди.
Легитимдүү бийлик катары саналып жаткан Жогорку Кеңеш эки күндөн бери кезексиз жыйынга чогула албай жатат. Президент Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Ал 5-октябрда билдирүү жасап, акыркы аракеттерди бийликти басып алуу деп баалаган.
4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Милиция менен кагылышууда бир адам набыт болуп, жүздөгөн адам жаракат алган.
Бул окуялардын жыйынтыгында БШК акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. (ZKo)
Дагы караңыз
Мэр Суракматов: Бишкек мэриясы ишин токтоткон жокСуваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңешиИшкерлер ассоциациясы өкмөт башчылыкка Аскар Сыдыковду көрсөтүүдөЙылмаз: Анкара Бишкектеги кырдаалга көз салып туратCOVID-19: Бир суткада төрт киши каза болду Курсан Асанов: камактан чыккан саясатчылардын маселеси жаңы өкмөт аныкталгандан кийин чечилетБШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирдиВице-спикер Касымалиева: Биз укук алкагына сөзсүз кайтып келебиз«Бир дүйнө - Кыргызстан» саясий күчтөрдү дымагын басып, сүйлөшүүгө чакырды