Серепчи ошондой эле өлкөдөгү акыркы окуялар Кыргызстандын "Борбор Азияда демократия аралы" деген маанисин жоготуп баратканын эскертти.
- Сердар мырза саламатсызбы? Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларга кандай баа бересиз?
- Мен кечээтен бери Кыргызстандагы окуяларга байкоо салып, карап отурам. Менимче, бул жерде атайын пландалган кадамдар жасалды. Алмазбек Атамбаев сыяктуу туткундардын окуя күч алгандан кийин дароо абактан бошотулганы менин көңүлүмдү бурду. Буга өлкөнүн мыйзамдары канчалык жол берет ошону унутпашыбыз керек.
Ал эми Ала Тоо аянтында чогулган митингчилердин талаптарына президент Сооронбай Жээнбеков чыгып жооп бериш керек эле деп ойлойм. Албетте ал да өз коопсуздугун ойлогону үчүн үн чыгара алган жок. Болбосо парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды моюнга алып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарышы зарыл болчу.
- Учурдагы окуялар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышка таасир этиши мүмкүнбү?
- Эки тараптуу кызматташууларда мындай орчундуу окуялар таасирин тийгизбеши керек. 2000-жылдардан кийин Кыргызстанда шайлоолордун жыйынтыгында чыккан ушул сыяктуу саясий туруксуздуктардын кесепетинен түрк бийлиги эч качан Кыргызстан менен байланышын үзгөн эмес жана өзгөрткөн эмес. Эки өлкөнүн президенттеринин өз ара байланышына мындай чыр- чатактар таасирин тийгизбейт деп ойлойм.
Ал эми Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 5-октябрдагы окуялардан кийин дароо сайтына өз жарандарын "чукул иши болбосо Кыргызстанга барбай тургула" деген билдирүү таратты. Ал эми түрк президенти окуялардын бир аз басаңдашын күтүп жатат деген ойдомун. Бул Түркиянын ар дайым колдонгон стратегиясы "күт жана көз сал". Менимче, расмий Анкара да жакын арада Кыргызстандагы төңкөрүш боюнча билдирүү жасайт деп ойлойм.
Ал эми Түркия Кыргызстанда пайда боло турган кош бийликти эч качан тааныбайт. Өлкөдө жакын арада пайда боло турган жаңы бийлик кыргыз жаштарынын талаптарын толугу менен аткарышы керек. Эски кыргыз саясатчылар орундарын дилгир жаштарга бошотуп берсин.
Баса белгилей кетчү нерсе, өлкөдө туруксуз жагдай улана берсе, Кыргызстан "Борбор Азиянын демократия аралчасы" деген маанисин толугу менен жоготот. Кыргызстандыктардын саясий аң-сезими башка өлкө жарандарына караганда жогору өнүккөн. Бирок айрым шайлоолордон кийин чыккан мындай терс көрүнүштөр өлкөнү артка тартат.
- Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер Кыргызстандагы төңкөрүшкө кандай көз карашта деп ойлойсуз?
- Эң оболу мындай жагдайда "Түрк кеңеши" бир билдирүү таратат деген үмүтүм бар. Ал эми Кыргызстанга коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан бийликтери учурда алгылыктуу кадам таштабайт. Дүйнө жүзү, өзгөчө стртатегиялык өнөктөштөр учурда Кыргызстандагы саясий кадамдарды тымызын байкап турушат. Анткени коронавирус падемиясынан улам оор экономикалык кризиске такалган коңшу өлкөлөрдүн өз башынан ашкан маселелери толуп жатат.
- Чет өлкөлүк инвесторлордун акыркы окуялардан улам зыян тартышы өлкөнүн экономикасына канчалык таасирин тийгизиши мүмкүн?
- Инвесторлордун Кыргызстандан кетиши жана экономиканын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү өлкөнү тунгуюкка алып барат. Чет өлкөлүк инвестор Кыргызстандагы башаламандыктан, мыйзамсыздыктан, революциядан, туруксуздуктан качат, жаңысы келбейт.
Мен кабарлардан кендерди басып алуу же өрттөө сыяктуу окуяларды окудум. Жергиликтүү калкка ал инвесторлордун зыянын эмес, пайдасын түшүндүрүү керек. Тескерисинче, ишканаларды, фабрика-заводдордун ишмердүүлүгүн жандандыруу зарыл ойлойм. Болбосо ансыз деле пандемияда солгундаган кыргыз экономикасы дагы бир "бороонду" көтөрө албайт.