Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте. Бул маалыматты анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, президент бул күндөрү эч жакка кеткен эмес.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын жолугушуусу өтүп жататПремьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкерлер көбөйүүдөОш шаарынын мэри кызмат ордуна кайтып барганын билдирдиПрезидент Жээнбеков элге экинчи жолу кайрылдыАзербайжан менен Армения мунай кууру боюнча кайым айтыштыПутин Кыргызстандагы абалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырдыЮристтер: өкмөт башчынын де-юре отставкасы мыйзамга туура келбейт