Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Юристтер: өкмөт башчынын де-юре отставкасы мыйзамга туура келбейт


Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 8-ноябрь, 2016-жыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Кыргызстандын юридикалык коомчулугу жана Соттук-укуктук реформага байкоо жүргүзүү боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү бардык лидерлерди жана тараптарды адам укуктарын сыйлоого, Конституцияны сактоого чакырышты.

7-июлда тараткан билдирүүдө алар ошондой эле мамлекеттик кызматтарды рейдерлик жол менен басып алууну токтотууга үндөштү.

Юристтер билдиргендей, мамлекетти мыйзамдуу жол менен дайындалган адамдар башкарышы керек.

Алар президентти кырдаалды курчутпаш үчүн бардык чараларды көрүп, өкмөттүн отставкасын кабыл алууга жардам берүүгө чакырышты. Алардын эсебинде өкмөт башчынын де-юре отставкасы мыйзамга шайкеш келген жок.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушкан. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жана өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган топтор Ала-Тоо аянтына митингге чыгышты. Кийинчерээк митингдин катышуучулары альтернативалуу өкмөт башчы катары «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкери Тилек Токтогазиевди аянттан Өкмөт Үйүнүн имаратына алып барып, бирок имаратка кире албай турушат.

XS
SM
MD
LG