Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, чукул жыйын Бишкектеги "Достук" мейманканасында өтөт. Анда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал талкууланары күтүлүп жатат. Ушул тапта мейманканага депутаттардын өздөрү келе электиги, тарапташтары чогулуп турганы кабарланды.
Мурдараак "Ата Мекен" партиясынын шайлоодогу лидери Жанар Акаев эртең, 7-октябрда парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү сүйлөшүлүп жатканын билдирген. Ал бул үчүн бардык фракциялардын өкүлдөрү менен байланышып, чукул чогулууга үндөп жатышканын айткан. Анын сөзүнө караганда, жыйында жаңы төраганы шайлап, элдин ишениминдеги Элдик өкмөт куралат.
Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады. (ZKo)
Дагы караңыз
Евробиримдик Беларустан айрым элчилерин чакыртып алат Шыкмаматов: Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгон жокмунКыргызстанды укуктук талаага кайтаруу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдүБерик Уали: Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши 100дөн ашык милиция кызматкери ооруканага кайрылды"РИА новости": ЖККУ Кыргызстандагы окуяларды өзү жөнгө салат деп эсептейт Жергиликтүү бийлик: Таласта Жерүй кени өрттөлдү