Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан Жерүй алтын кени өрттөлүп, таланып жатканын айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Каныбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 6-октябрда саат 11ге чейин 200 чамалуу кишини тосуп, кармап турушкан. Бирок токтото албай калгандыктан, жаалданган топ кендин имаратына өрт коюп, кампалары, кеңселери күйүп жатат.
Жерүй алтын кени Талас районунун Кара-Ой кыштагынан 26 чакырым аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан.
Бул кенде орусиялык "Алтын Альянс" ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. (BCh)