Түрмөдөгү Садыр Жапаровду аянтка алып келишти (видео)

Садыр Жапаров аянтта.

5-октябрда башталган митингдер массалык башаламандык менен уланып, №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтта чогулган митингчилерге келди. Азыркы тапта ал чогулгандарга сөз сүйлөөгө аракет кылып жатат.

УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган.

Буга чейин митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотушкан. Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео да социалдык желеге тараган.

Анын алдында митингчилер УКМКга кирип барышкан эле. (BCh)

Дагы караңыз

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыктыСаясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыктыСадыр Жапаров элди аянттан тарап кетүүгө чакырдыЖанарбек Акаев: Тезинен координациялык кеңеш түзүш керекАкылбек Жапаров: Кайра шайлоо өткөрүү зарыл