Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Турганбаев: Элдик бийлик болуш керек


Бишкек.
Бишкек.

«Замандаш» партиясынын талапкери Мелис Турганбаев күндүз коомдук тартипти жөнгө салуу иштери аткарыларын билдирди. Ал 5-октябрда башталган митинг учурунда өкмөттүн өкүлдөрүнө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну тынчтык жолу менен чечүү маселесин коюшканы менен натыйжа чыкпай, митингге чыккан элге ок атылгандыктан ушундай кырдаал түзүлгөнүн билдирди.

«Мындан ары партия лидерлери сүйлөшүп, элдик бийлик түзүлөт. УКМКдан экс-президент Алмазбек Атамбаев, №27 колониядан Садыр Жапаров жана Сапар Исаков чыгышын да күтүп жатабыз. Андан ары кандай кыларыбызды лидерлер менен сүйлөшөбүз», - деди Турганбаев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Азыркы тапта Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялар митингди улантууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG