Ала-Букада Өзбекстанга мал жандыктарын алып кирүүгө аракет кылып жаткан кыргызстандык эки жаран кармалды. Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери райондун Төбө-Коргон айылынын «33 гектар» деп аталган аймагынан жарандар айдап бараткан 33 койду өткөрүп алышты. Жарандар жандыктарды өткөрмө бекеттен тышкары жерден, мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Акыркы убактарда Ала-Бука, Аксы райондорундагы чек арадан мал-жандыктарды мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга алып өтүү аракеттери көп каттала баштаганы кабарланууда. (TB)
Дагы караңыз
БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулаш үчүн чогулатКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатШайлоодон четтетилген Илхом Маннанов БШКнын чечимин сотко беретСOVID-19: Дүйнөдө илдеттен көз жумгандар бир миллиондон аштыУкраин парламентинде самогон ачыткандарды айыпка жыкпоо тууралуу сунуш айтылдыЭрдоган Армениядан Тоолуу Карабактан чыгып кетүүнү талап кылды Шайлоо 2020: Үч партия бийликти мыйзам бузууну токтотууга чакырды