Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:53

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. «Азаттыктын» архиви.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. «Азаттыктын» архиви.

Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу 1-октябрдан 4-октябрга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бекеттери жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жүк алып өтүүгө тыюу салынат. 5-октябрдан тартып бекеттер кайрадан иштей баштайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылган. Ишкерлердин өтүнүчү менен «Эркечтам» өткөрмө бекети май айында, ал эми «Торугарт» бекети август айынан тартып ишке кирди. Атайын алгоритмге ылайык, аталган өткөрмө бекеттеринен азырынча Кытайдан келе жаткан жүк гана алып кирилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG