50 млн. евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, кыргыз-венгер мамилелери жаңы деңгээлге чыгып жатат.
Мамлекет башчысы интервьюсунда 28-29-сентябрда Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди.
Президент эске салгандай, Кыргызстанга 2018-жылы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Визиттин жыйынтыгында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин квота орундары 25тен 75ке чейин көбөйтүлгөн.
Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылып, 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өткөн.
Эми Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга расмий визит менен барууга ниеттенип жатат.
«Венгрияга бул чакыруу боюнча жазында бармакпыз. Бирок коронавирус пандемиясынан улам жылып кетип, сентябрдын этегине туура келди. Менин алдыдагы иш сапарымдын жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенем. Буйруса, кызматташуу тууралуу дагы бир топ документтерге кол коебуз. Алардын катарында эң негизгиси — бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлат. Саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу жана башка эки тарапка тең кызыкчылык жараткан тармактар боюнча келишимдерге дагы кол коебуз», - деп белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков Венгрияга иш сапар менен бара турганы быйыл февраль айында маалымдалган. (ErN)
Дагы караңыз
Украинада авиакырсыктан 25 адам каза болду«Биримдиктин» төрагасы самаган «евразиячыл интеграция» Латвия, Литва жана Эстония санкция салынган беларус аткаминерлеринин тизмесин узарттыПрезидент Сооронбай Жээнбеков «бийликчил» деп аталып жаткан партиялар тууралуу үн катты