Тилек Матраимов ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө кеткенин айтты

Тилек Матраимов.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов 24-сентябрдан тартып бир айлык эмгек өргүүсүнө чыкты.

«Азаттык» радиосунун кабарчысынын «Шайлоо алдында эс алууга кетүүнүн себеби эмнеде?» - деген суроосуна ал: «Ден соолугума байланыштуу», - деп жооп берди.

Тилек Матраимов өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими болуп 2012-жылдын февралынан бери иштейт. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупцияга байланыштуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Дагы бир агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде талапкер. (SE)

Дагы караңыз

Шайлоо-2020: Кызыл чеке болгон дебатКой-Таш окуясы боюнча сот бир жумада үчүнчү жолу артка жылдыКыргызстанда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктоодо Кыргызстанда коронавирус жуккандар кескин көбөйүүдө