Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Кыргызстанда коронавирус жуккандар кескин көбөйүүдө


Кыргызстанда 25-сентябрга карата бир сутка ичинде 175 адамдан коронавирус жаңыдан табылды. Бул соңку бир айдагы эң жогорку көрсөткүч.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

Ош облусунда - 50;

Баткен облусунда - 41;

Жалал-Абад облусунда - 22;

Ош шаарында - 22;

Бишкек шаарында - 18;

Ысык-Көл облусунда - 7;

Талас облусунда - 7;

Чүй облусунда - 5;

Нарын облусунда - 3.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 ​кишиге жетти. Алардын 42 147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтаптардын 3227и медицина кызматкерлери. Алардын 2918и сакайды. 70тен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 25-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 32 миллиондон ашты. Алардын 982 миңдейи көз жумду, 22 миллиондон ашуун бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 977 521;

Индия - 5 732 518;

Бразилия - 4 657 702;

Орусия - 1 123 976.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG