БУУнун Башкы Ассамблеясынын онлайн жыйыны башталууда

21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталат. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүшөт. 193 мамлекеттен бирден гана дипломат Башкы Ассамблеянын залына киргизилет. Алардын баары беткапчан, социалдык аралыкты сактоо менен отургузулат.

21-сентябрда БУУнун 75 жылдыгы белгиленет. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери үч мүнөттөн видеокайрылуу жасашат. Шейшембиде Башкы Ассамблеянын виртуалдык жыйыны БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин билдирүүсү менен ачылат. Быйыл онлайн жыйында 171 мамлекеттин лидерлери сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Жыйын 29-сентябрда соңуна чыгат.

22-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпиң кайрылуу жасайт. Соңку жылдары бул эки лидер тең жыйынга өз дипломаттарын гана жиберип келген. Ушул эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп да сөз сүйлөмөкчү.

23-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видеокайрылуу жасай турганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Дагы караңыз

«Кызыл зонада» иштеген дарыгерлер көлдө эс алуудаБШК Аравандагы чатакты териштирүүгө аралашпайтДарыгер: Аравандагы мушташта жабыркаган алты киши ооруканада жатат COVID-19: Чехиянын саламаттык сактоо министри кызматтан кеттиМедиа коомчулук партияларды сөз эркиндиги боюнча келишим түзүүгө чакырды