Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

COVID-19: Чехиянын саламаттык сактоо министри кызматтан кетти


Саламаттык сактоо министри Адам Войтех.
Саламаттык сактоо министри Адам Войтех.

Чехиянын саламаттык сактоо министри Адам Войтех коронавируска байланыштуу сындан улам кызматын тапшырды. Ал мындай чечимин өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткан маалда кабыл алды.

Премьер-министр Андрей Бабиш 21-сентябрда Адам Войтехке «Твиттер» аркылуу ыраазычылыгын билдирип, анын эпидемиянын биринчи толкунун ооздуктоодогу ролун баса белгиледи.

«Эгер ага күч-кубатынын баарын коронавируска каршы күрөшкө жумшоого туура келбеген болсо, анда ал өлкөнүн эң мыкты саламаттык сактоо министри катары элдин эсинде калмак», деп жазды Бабиш.

Вице-премьер-министр Ян Гамачек жаңы саламаттык сактоо министри тез эле белгилүү болорун, жаңы жетекчи эпидемияга каршы чараларды башкарууга тез киришиши керек экенин айтты.

Чехияда карантин эрежелери жайдын алдында жумшарган. Өпкөнү сезгенткен вируска чалдыккандар өзгөчө соңку айларда көп каттала баштады. Европанын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, акыркы 14 күн ичинде Чехияда ар бир 100 миң кишинин 193ү вирусту жугузуп алды.

Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, Чехияда эпидемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын саны 49 миңден ашты. 500дөн ашуун киши каза тапты.

Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус «кооптуу деңгээлде жайылып жатканын» эскертип, бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдү карантин эрежелерин жумшартпоого чакырган.

XS
SM
MD
LG