Кыргыз эл артисти, композитор Калыйбек Тагаев дүйнөдөн кайтты

Калыйбек Тагаев.

Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары «Азаттыкка» билдиришти.

Улуу композитордун сөөгү, 18-сентябрь күнү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган.

Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Көпчүлүгү элдик ырга айланып кеткен. Маркумдун 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.

Дагы караңыз

Партиялардын программаларын талдаган «Шайлоочунун компасы» иштей баштадыCOVID-19: Жалал-Абадда талапты аткарбагандар айыпка жыгылдыАттокуров: Сөздөрүм бурмаланып калыптыр (видео)«Супер адамдарды» жасоо азырынча эрте3300 кыргызстандык орус-казак чек арасына топтолуудаПахтанын баасы чечилбей туратМуфтият үгүт иштерине аралашпаш керек экенин дин кызматкерлерине эскертүүдө