Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

«Супер адамдарды» жасоо азырынча эрте


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ менен Британиянын медициналык академияларынын илимпоздору ымыркай түйүлдүк кезинде анын генине кийлигишүүгө азырынча эртелик кыларын билдиришти. Түштүк Кореянын LG компаниясы электрондук беткап чыгарды. Эстонияда «санарип көчмөндөрү» үчүн атайын виза берилет

Илимпоздор: түйүлдүктүн генине кийлишүүгө азырынча эрте

АКШ менен Британиянын медициналык академияларынын илимпоздору ымыркай түйүлдүк кезинде анын генине кийлигишүүгө азырынча эртелик кыларын билдиришти. Эл аралык окумуштуулардын тобунун корутундусу 6-сентябрда жарыяланды.

Мындан эки жыл мурда кытай илимпозу Хэ Цзянкуй адам эмбрионунун генин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Мунун жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар төрөлгөн. Хэ Цзянкуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт деп билдирген. Окумуштуунун айтымында, анын максаты - тукум кууган ооруларды айыктыруу же аларды алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу болгон.

Бул окуя генетиктер коомчулугунда чуу жараткан. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып чыгышкан.

Мындай кадамга барганы үчүн Хе Цзянкуй үч жылга түрмөгө кесилген. Баяндамада окумуштуулар түйүлдүктө маселе болгондо, маселен булчуңдардын дистрофиясы, бета-талассемия жана Тай-Сакса аттуу неврологиялык ооруларга кабылуу коркунучу болгондо гана анын генине кийлигишүүгө жол берилерин белгилешти. Ал эми адамдын боюн же салмагын өзгөртүп, анан сулуу төрөлүшү үчүн генге кийлигишүүгө азырынча болбойт деп тыянак чыгарышты.

Маркум физик, дүйнөгө таанымал астрофизик Стивен Хокингдин 2018-жылы жарыкка чыккан «Олуттуу суроолорго кыска жооптор» деген китебинде окумуштуу илимдин буга чейин болуп көрбөгөндөй тез өнүгүшү XXI кылымдын аягына чейин эле адамдарга өз ДНКсын оңдоп-түзөп алууга мүмкүнчүлүк берерин жазган.

Хокингдин пикиринде, бул өз кезегинде эс тутуму эң мыкты, ооруларга туруштук бере алган, интеллекти күчтүү «супер адамдардын» жаралышына алып келиши ыктымал.

Түштүк Кореяда электрондук беткап чыгарылды

Көп кишилер беткапты «дем ала албай, тумчугуп кеттим» деген шылтоо менен тагынуудан баш тартып жүрүшөт. Бул маселени чечиш үчүн Түштүк Кореянын LG компаниясы электрондук беткап ойлоп тапты. Андагы эки чакан вентилятор адамдын дем алуу ритмине ыңгайлашып, миркон чыпкасынан өткөрүлгөн таза аба менен камсыздап турат.

Бул беткаптын батареясы кадимки телефон сыяктуу эле электр менен дүрмөттөлөт. Бир дүрмөттөлсө анысы сегиз саатка жетет.

«Кадимки бир жолу колдонуп ыргытылчу беткаптар экологияга чоң зыян келтирип жатат. Аларды кайра иштетүүнүн жолдору түшүнүксүз. Ошондой эле ал беткаптардын натыйжалуулугу да суроо жаратат», -дейт «LG Electronics» компаниясынын өкүлү Чой Юн Хи.

«LG Electronics» компаниясы чыгарган электрондук беткап.
«LG Electronics» компаниясы чыгарган электрондук беткап.

Ошондой эле масканын өзүнүн кабы бар. Андагы ультрафиолет нурлары беткапты дезинфекциялап турат. «PuriCare» деп аталган бул беткап жыл соңунда дүкөндөргө чыгып калары күтүлүүдө. Өзгөчө гаджеттин баасы кандай болору белгисиз.

Жапония: көчөдөн телефон тиктеп жүрүүгө тыюу салынды

Арукисумахо - телефонго үңүлүп, көчөдө бараткан адамдар Жапонияда дал ушундай аталат. Бул «смартфон зомби» дегенди билдирет.

Жапониянын Ямато шаарында көчөлөрүндө телефонду тиктеп басып жүрүүгө тыюу салынды. Баш калаа Токиодон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан бул калаада шаардыктарды телефон кароого тыюу салган жарнамалар байма-бай илинди.

Көчөдө телефонун тиктеп бараткан аял. Иллюстрациялык сүрөт. Италиянын Турин шаарында тартылган.
Көчөдө телефонун тиктеп бараткан аял. Иллюстрациялык сүрөт. Италиянын Турин шаарында тартылган.

Жыл башында шаарда атайын иликтөө жүргүзүлгөн. Ага ылайык, көчөдө бараткан алты миң адамдын 12% смартфондун экранын көчөдө да тиктеп жүрөрү аныкталган.

Ушундан улам смартфондун экранын кароого тыюу салуу боюнча шаар мэри Сатору Оки демилге көтөрдү. Аны көп кишилер колдошту.

Жаңы эрежени бузгандарга эч кандай жаза каралган эмес. Шаар мэриясы тургундар бара-бара өздөрү эле бул эрежени сактап, смартфондоруна үңүлбөй калат деген ишеничте.

Жапондор адатта эч кандай жазага тартылбаса деле эрежелерди так сакташат. Маселен, коомдук транспортто телефон менен сүйлөшүүгө болбойт деген жазылбаган мыйзам бар. Формалдуу түрдө тыюу салынбаса да, адамдар аны бузбаганга аракет кылышат. Жапонияда ошентип, жалпы коомдук саламаттык эрежелери бекем сакталат.

XS
SM
MD
LG