Беларустагы укук бузуу фактылары БУУда талкууланат

Беларус желегин жамынган аял полиция кызматкерлеринен күч колдонбоону өтүнүүдө. Минск. Сентябрь, 2020-жыл.

БУУнун адам укугу кеңеши Беларустагы укук бузуу боюнча чукул дебат өткөрөт. Дебат 18-сентябрда болот. БУУга дебат өткөрүү тууралуу сунушу менен Евробиримдик кайрылган. Кеңештеги 47 өлкөнүн 25и сунушту жактады, экөө каршы болду.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Женевадагы ачык жыйында Беларустагы акциялардын катышуучуларына каршы репрессия, күч колдонуу, кыйноо жана уурдап кетүү фактылары тиешелүү түрдө иликтенип, айыптуулар жазасын алууга тийиш деп билдирди. Бачелет беларус бийлигин өлкөдөгү укук бузулган учурлар тууралуу билдирүүлөргө реакция жасабай жатканы үчүн айыптады.

Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акциялары бир айдан бери токтой элек.

Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.

Дагы караңыз

«Бирдиктүү Орусиянын» «талашсыз» жеңишиБишкекте беларус элин колдогон акция өттүБишкекте Беларус элин колдогон акция өттүБерлин: Навальныйдын ууланганын дагы эки эркин лаборатория ырастадыОшто милиционерлер катышкан мушташ иликтенүүдөТүркияда мигранттардын виза алышы жеңилдеди