Транспорт жана жол министрлиги таш түшүп, жабылган Дыйкан - Кара-Кече автоунаа жолунун 37-чакырымын тазалап жатат.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 14-сентябрда саат 12:00 чамасында кулаган көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, жолду жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жалпы көлөмү 900 миң метр кубга жакын кыртыш жылып, жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөнүн кабарлады.
Эч ким жабыркаган жок. Аталган тилкеге атайын эскертүүчү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кооптуу абалга байланыштуу Дыйкан - Кара-Кече каттамы убактылуу жабылды.
Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кечедеги кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.
Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык болуп, жети жумушчу каза тапкан, 13 жумушчу оор жараат алган.
2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапты жана үчөө оор жараат алды. 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада төрт киши газга ууланып каза болгон. (ZKo)
Дагы караңыз
«Кытайдын саясий таасири күчөшү мүмкүн»Путин Лукашенкого 1,5 миллиард доллар насыя тууралуу убада берди Чечен муфтийи оппозициялык жаш активисттин кордолгонун кубаттадыЖапайы аңчылык баш ооруга айландыБоронов: Элдин кен иштетүүчү компанияларга мамилеси оңоло баштадыИзраил кайрадан карантин киргизүүдө