13-сентябрда Минскинин көчөлөрүн түмөндөгөн демонстранттар ээлеп, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Беларустун Ички иштер министрлиги жекшембиде 400дөн ашуун адам кармалганын маалымдады. Алардын арасында «Азаттыктын» беларус кызматынын сүрөтчүсү Владимир Гридзин да бар. Аны полиция бардан кармап кетип, фотоаппаратын алып койгон.
Беларусту 26 жыл башкарган президент Александр Лукашенко 14-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул Лукашенконун Москвадан өз өлкөсүндөгү демонстрацияларды басууга көмөктөшүүсүн өтүнгөндөн берки алгачкы жолугушуусу.
Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланганын билдирген оппозиция жана демонстранттар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза болду, алтоонун дайыны чыкпай жатат, 100дөн ашуун киши жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз.
Батыш тынч демонстранттарды сабоону, куугунтуктоону айыптап, айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышты.
Дагы караңыз
Алматыда чогулгандар бийликке талап коюшту Катарда оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү улануудаМинск: Митингчилердин бир бөлүгү Лукашенконун резиденциясына бет алдыГрек премьери түрк кемесинин талаштуу тилкеден кеткенин кубаттадыКыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери насыялар тууралуу сүйлөштүКыргызстандын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту