Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту


Ван И жана Чыңгыз Айдарбеков.
Ван И жана Чыңгыз Айдарбеков.

13-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кытайдын тышкы саясат мекемесинин башчысы Ван И жолугушту. Бул тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттиги жазды.

Жолугушууда Айдарбеков "Кытай Кыргызстандын жакын өнөктөшү экенин" белгилеп, кытай кесиптешинин Бишкек сапарында маанилүү маселелер талкууланарын билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга 13-сентябрда расмий сапар менен келген. Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Жыйынтыгында бир нече документке кол коюлары айтылган.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушат.

Коронавирус пандемиясынан улам ушул жылдын башында жабылган кыргыз-кытай чек арасы толук ачыла элек. Кыргызстанда Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соода солгундады. (TSh)

XS
SM
MD
LG