Бишкектеги кафелердин биринде аялды сабаган жарандын аты-жөнү аныкталып, кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев 12-сентябрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Орозалиев окуянын чоо-жайына кеңири токтолгон жок. Кийинчерээк толук маалымат бериле турганын билдирди.
Бүгүн Интернеттеги социалдык тармактарда бети-башы көгала болуп, сабалган аялдын сүрөтү жарыяланган. Соцтармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алган окуяда аялды күйөөсү ур-тепкиге алганы айтылып жатат.
Кыргызстандагы укук коргоочулар буга чейин пандемияда үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын билдиришкен. ИИМдин маалыматына караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.
Үй-бүлөдө аялдардын зомбулукка кабылышы- Кыргызстандагы талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. Быйыл июнда Сузакта күйөөсү аялын колун артка таңып, моюнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тарап, кызуу талкууланган. (NT)
Дагы караңыз
ИИМ: Аксыда «Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалдыҮч айда карантин жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча юристтен кеңеш сурагандар көп болдуЭрте нике, зомбулук, кыйраган кыялдар...Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн адамдын иши сотко өттү