Кыргыз коомунда жашы жете элек кыздарды күйөөгө берген көрүнүш токтобой келет. Өлкө мыйзамында кызды жашы жете элек куракта мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. “Аялзат” түрмөгүндө бул жолу эрте турмуш курган келиндердин тагдырына токтолобуз. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.
“Тиш догдур болгум келчү...”
Айжамал 9-класста окуп жатканда апасы кырсыкка кабылып, каза болгон. Атасы менен жалгыз калган кызды туугандары 16 жашында эле кудалап, өзүнөн улуу жигитке турмушка беришкен.
Бир ай мурун Айжамал он жетиге толду. Бирок турмуштан жолу болбой, азаптуу жашоосун Ошко таштап, Бишкекке качып келе берген.
- Курбуларымдай ойноп-күлө албадым. Күйөөгө эрте берип коюшту. Апам каза болгондо атам жалгызсырап, мени карай албай калганы үчүн турмушка чыгууга аргасыз макул болгом. Мыйзамдуу никеге турган эмеспиз, молдо эле нике кыйган.
- Молдо жашыңызды сурады беле?
- Жок, балким башкалардан сураган чыгаар, мага эч нерсе деп айткан эмес. Келин болуу оор экен. Күнүгө эртең менен турасың көчө шыпырып, үй жыйнап, баарына тамак даярдайсың. Саал жаза басып алсаң эле уруш-жаңжал чыгат. Күйөөм сырттан жинденип келсе анысын менден чыгарат. Сөккөнүнө, ур-токмогуна чыдап жашап жатсаң, бир жагынан кайын-журтуң жаныңды койбойт.
Өзүнөн беш жаш улуу күйөөсү менен Айжамал бир жыл жашаган. Бул аралыкта келиндин эки жолу боюнан түшкөн. Ажырашууга мына ушул да себеп болгон.
“Биринчисинде күйөөм ура бергени үчүн боюмдан түшүп калган. Экинчисинде, үй иштерин кылып жүрүп эле түшүрүп алдым. Ошондон тарта мага кайын-журтумдун басымы күчөдү. “Бул эми төрөбөйт, кетир” деген сөздөр чыкты. Күйөөм аларга кошулуп “төрөй албайсың” деп урушуп, урат. Бир жолу “мен да бирөөнүн кызымын” десем, ого бетер жини келип "төрөбөйсүң" деп катуу сабап салды”.
Айжамал ушу тапта Бишкекте бала багуучу болуп иштеп жатат. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырууну пландаштырып жаткан классташтарына жолугуудан уялат. Арык чырай, көздөрү бакырайган бул кыз да апасы тирүү кезде ак халат кийип, тиш догдур болууну кыялданчу экен.
“Бир эмес, бир нече жолу өзүмө кол салгым келди. Жашоонун кызыгы кетип калгандай сезилди. Бирок кайра чыйралам. Бир жаман күйөө үчүн өмүрүмдү эмнеге кыям дейм. Стоматолог болууну кыялданам. Балким окуу жайга тапшырып, ал максатым орундалат чыгаар. Азыр кыздарга “Эрте турмуш курганга шашпагыла, арканды алыс таштап, ойлонгула” деп кеңеш бергим келет. Кыз бир кесиптин ээси болуп, өзүн-өзү багып, өзүн-өзү коргой алганга ишенгенде гана турмуш курушу керек экен. Болбосо кор болуп калат турбайбы”.
“Классташтарымдан уялып ыйладым”
17 жаштагы Берметти ушул жылдын март айында Ысык-Көлдөгү айылдардын бирине ала качып кеткен. Бермет Нарындагы мектепте 9-класска чейин окуп, былтыр борбордогу техникалык колледжге тапшырган. Ашпозчу болууну кыялданган Бермет боюна бүткөндөн кийин окуусун уланта албай калган.
“Бир көрүп эле жактырып калдым болду да. Ал бала мени сыртыман көрүп эле жатаканада жашап жаткан жеримден ала качып кетти. Өмүрү көрбөгөн аймакка туш болгондуктан качып кеткенден корктум. Кайда барам, кимге барам деп ойлодум. Ата-энем жолдошумду абдан урушту, бирок мени алып кетишкен жок. Ошол бойдон ал үйдө келин болуп калдым. Бирок эрте турмуш курган оор экен. Үй оокатын кылгандан кыйналдым. Кош бойлуу да болуп калдым. Азыр кийинки жашообуз кандай болот деп отурам. Курбуларымдын арасынан эрте турмушка чыккан мен эле болдум да. Элге окшоп окуп, иштебей калганым үчүн арданып ыйлап да жүрдүм. Эми көз жарсам кошумча курстарга окусамбы деп отурам”.
Берметтин жолдошу өзүнөн алты жаш улуу. Азыр жубайлар Бишкекте ижарага алган батирде жашап жатышат. Кош бойлуу Бермет күзүндө 18ге толсо, мыйзамдуу никеге турарына ишенип жатат.
Мыйзам 18 жашка чыга элек кызды күйөөгө берүүгө, ала качууга тыюу салат. Мындай шартта диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып эле жашагандар да жок эмес.
Баткен облусунун тургуну Айсалкын бир ай мурда 16 жаштагы абысындуу болду. Коңшу айылдан 10-классты эми гана бүткөн окуучу кызды келиндин бир тууган кайниси ой-боюна койбой ала качып келген. Айсалкын айылдагы молдого келиндин жашын айтышпай, нике кыйдырышканын айтып берди:
“Артынан жеңелери кууп келип, ошол эле күнү никесин кыйышты. Бирок, бизде молдо келиндин жашын текшерет. Кыздын жаш экенин жашырып, башка тууганыбыздын документтерин көрсөтүп койдук. Келин көшөгө артында отургандыктан молдо анын жүзүн документтеги сүрөт менен салыштыра алган жок. Никесин кыйгандан кийин он күн жашады. Анан экөө урушуп, келинибиз Бишкекке кетип калган. Кечээ жакында кайра кайтып келди. Кош бойлуу болуп калыптыр. Күзүндө 11-класста окумак эми боюнда бар болсо мектепке деле барбайт да. Экөөнү карап отуруп, эрте турмуш курган болбойт экен деп ойлоп калдым. Кайниме “өзүңдү да, кызды да кыйнап атасың” деп айттым. Жаш кыз тирлик кылганда, тамак жасаганда жүдөп, аябай кыйналып жатат. Эми толгоону кантип көтөрөт деп аяп жатам”.
Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Элет жеринде мындай нике шаарга караганда 2,5 эсе көп катталат. Ошентип жыл сайын 7-9 миңдей өспүрүм кыз күйөөгө тиет.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, эрте жашта турмушка чыгуу, төрөө жана бойдон алдыруу көрүнүштөрү 2011-жылдан бери азая элек.
“Бала туруп, балалуу болдум...”
Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жаргандардын саны 2013-2014-жылдарга караганда азайганы менен токтоп калган жок. Миң кызга алты төрөт туура келет. Министрликтин маалыматында жылына 13-17 жаштагы 500гө жакын өспүрүм көз жарат.
Төрт жаштагы кызын жалгыз багып жаткан Алина турмуш курганда 15те гана болчу. 16 жашында бир кыздын энеси болуп, көп өтпөй жолдошу менен эки айрылыш жолго түшкөн. Эрте төрөгөн Алина эне болууга моралдык жактан даяр болбогонун айтууда:
“Бишкектеги экинчи төрөтканада көз жаргам. Башында ымыркайды көрүп, кантип карашымды билбей, аябай кыйналгам. Себеби, өзүм да баламын да. Ал ыйласа кошо ыйлачумун. Эрте төрт ден соолукка да зыян экен. Азыр 20 жаштамын, белимде грыжа бар. Колу-бутумдун сөөгү какшап ооруй берет”.
Алина Бишкекте соода-сатык тармагында иштейт. Кызы айылдагы ата-энесинин колунда. Алина оор жагдайга кабылган кыз киши үчүн ата-эненин колдоосу маанилүү деп эсептейт.
“Чынын айтсам, ала качып кеткенде бир аз коркуп, ыйлагам. Баары бир отурбайм, атам сөзсүз алып кетет деп ойлогом. Тескерисинче, ата-энемдин тааныштары болгондуктан отургузуп коюшкан. Апам эрте каза болуп, өгөй эненин колунда чоңойдум. Күйөөм урган сайын "кайда бармак элең, өгөй энең сени балаң менен кабыл алабы?" деп коркутчу. Ошол коркуу сезими менен чыдап жашагам. Акыры ажырашып кеттик. Баары эле мен корккондой болгон жок. Ата-энем кабыл алды, апам кызымды карап жатат”.
Алина менен жолдошу экөө да жогорудагы биздин каармандардай мыйзамдуу никеге турган эмес. Мындан улам кызы үчүн келин эч кандай акчалай жардам, алимент албайт.
“Азаттык” макаланы даярдап жатканда "Инстаграм" социалдык тармагында 200 жакын эрте турмуш курган кыздар арасында сурамжылоо жүргүздү. Алардын эң жашы 16да болсо, улуусу 36 жашта. Алды 20 жыл үй-бүлө күтүп, азыр беш баланын энеси. Бирок, 200 кыз-келиндин ичинен 55и гана турмушун улап кеткен. Калганы зордук-зомбулукка кабылып, ажырашып, айрымдары ушул тапта мигрант болуп Орусияда жүргөнүн баяндашты.
“Тозоктон качып кутулдум…”
Сегиз жаштагы уулу менен Орусияда иштеп жүргөн Клара көз жашын тыя албай окуясын айтып жатты. Клара үй-бүлөдө үч кыздын улуусу. Өз атасынан эрте ажыраган эже-сиңдилер өгөй атанын кордугун көрүп чоңоюшкан. Акыр-аягы үчөө тең 16 жашында күйөөгө тийген. Алар нике азаптан куткарат деп ойлошкон.
“Мектепке 7-классымдан баштап эле барбай калдым. Базарда иштечүмүн. Ошол учурда классташтарыман уялганымды айтпаңыз. Жаңы сумка, китеп, дептер көрсөм көзүм жайнап кетчү. Мектепте окуган күндөрүмдү ушунчалык сагындым. 16 жашымда, курдаштарым 9-класста окуп жатканда күйөөгө беришти. Бир чети азаптан кутулам деп ойлогом. Күйөөм менден 20 жаш улуу эле. Ошого карабай жаш кызды алдап-соолап өзүн сүйдүрүп алууга акылы жеткен жок. Анын ордуна уруп, кордоп кандай гана оор күндөрдү башыман өткөргөн жокмун. Төрт жыл жашагандан кийин уулумду көтөрүп качып кеттим”.
Клара менен жолдошу ал 18ге чыкканда мыйзамдуу никеге турушкан. Кордуктан качып кеткен келин алиментке арыз берип, сотко деле кайрылган эмес. Былтыр мурдагы жолдошу каза болгону тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдама алган.
“Ар кайсыл жакта иштеп, күнүмдүк оокатыма акча тапчумун. Бирок бир да жолу баламды бирөөгө каратып, таштаган жокмун. Өзүм кыйналган күндөрдү эстеп, аны аяй берчүмүн. Орусияга келип, баламды окутуп, бардык шартты түзүп берип, иштей баштадым. Былтыр паспортумду алмаштырып жатканда жолдошум каза болгонун билдим. Ал каза болгондон кийин ортодогу мыйзамдуу нике жокко чыккан экен”.
Кларанын эки сиңдиси да 16 жашында турмуш курушкан.
“Алар деле мен сыяктуу кыйналып чоңоюшту да. Үч кыз билим, мектепти унутуп, жогорку окуу жай тууралуу кыялданбай чоңойдук. Бизге шарт түзүп бере албаган, зөөкүр күйөөсүнөн коргой албаган апамды жек көрүп кетээр элем. Менден кийинки сиңдим бир жыл мурда кургак учук болуп ооруп калды. Аны уккан кайын-журту үйүнөн кууп чыгыптыр. "Бизге оору жуктурасың" деп урушкан экен. Эми сиңдим “эч кимге кереги жокмун” деп ыйлап отурат. Эң кичүүбүз барган жеринен кетпей, турмушун улап кетти. Биз сыяктуу көчөдө калбаса экен деп, бактысын тилеп отурабыз. Мен өзүм эркек кишиден корком. Өгөй атамдан, андан кийин күйөөмдөн көргөн кордуктан кийин турмуш кургум келбей калды”.
“Күйөөмдү аяп, жашап калдым…”
Кыргыз коомунда эрте турмуш кургандан кийин тагдырына баш ийип, бардык азап-тозокко чыдап жашап кеткендер да жок эмес.
Нарын облусунун тургуну, 22 жаштагы Жаркынай бала кезинде журналист же жазуучу болууну кыялданчу экен. Мектепти бүтүп, 17 жашында Бишкектеги Улуттук университетке тапшырууга келгенде бейтааныш жигит ала качып кеткен.
“Күйөөм менден төрт жаш улуу. "Сени бир көргөндө сүйүп калдым" деп айткан. Менде үй-бүлө күтөйүн деген ой жок болчу. Өзүм кыз кишини тыйган, катуу кармаган үй-бүлөдө өскөм. Атам дайыма “Чыккан кыз чийден тышкары, күйөөгө тийсеңер келбегиле” деп урушчу. Ошондуктан, артымдан эч ким кууп келбесин, алып кетпей турганын түшүндүм. Ыйлап, чыр салсам абысындарым, кайын- журтум “сен кетип калсаң, күйөөң намыстанып асынып алат” деп айтышчу. Үйүмө чалсам атам “жүрөгүм кармап, ооруп калам” деп эки жактан басым кылышчу. Ошентип жашап кеттим”.
Жаркынай азыр эки уулдун энеси. Беш жыл ичинде жубайлар короо-жайын оңдоп-түзөп, Кочкордогу айылдардын биринде күн кечирип жатышат. Бирок келиндин студент болом деген тилеги орундалбай калды.
“Жолдошумдун мүнөзү жакшы. Аракетчилдиги менен үй-бүлөбүз сакталып, бактылуу жашап жатабыз. Мен ага кээде тамашалап “эми экөөбүз тең чоңойдук” деп айтып калам. Бирок бир кесиптин ээси болбой калганыма өкүнөм. Башында кайын-журтум окутабыз деген. Бирок окуган да, иштеген да жокмун. Азыр бүтүрүүчү кыздарды көрсөм эле “окугула, билим алгыла” деп айта берем. Жашоом жакшы болгону менен убагында окубай калганым үчүн балдарымдан да уялам. Чынын айтсам, эрте турмуш курууга эч кимди чакырбайт элем. Ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы экен”.
“Ата-эне кызынын тагдырына балта чаппаса…”
Кыздарды эрте турмушка берүүнүн кесепеттери тууралуу кыргыз коомунда мурдатан эле айтылып келет. Расмий никеге турбаган келиндердин балдарына күбөлүк ала албай, ажырашып кетсе үй-мүлкүн бөлүштүрө албай, ара жолдо калган учурлары көп катталган.
Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова бул мүшкүл өзгөчө айыл жергесинде болуп жатканын айтып, аны ата-энелердин сабатсыздыгы менен байланыштырды.
"Түштүк жергесинде эрте никеге туруу адаты тыйылбай келет. Мунун кесепети жубайлар ажырашканда алимент, мүлктү, баланы бөлүштүрүү маселелерин чечүүдө тиет. Айыл жеринде ата-энелер билимсиздиктин айынан «кызым турмушка чыкпай калат» деп коркушат, андан кийин «бузулуп кетет» деген маселе бар, сыртка чыгаруудан да коркушат, «окуп-чокуган кыздын жашы өтсө, эч кимди жактырбай калат» дегендер да бар. Азыр эми карантинде той-аш өткөрбөй, ала качып үйлөнүп алган учурларды да көрүп жатабыз".
Айрым изилдөөлөргө караганда, эрте төрөгөн кыз-келиндер билим алуу жагынан чектелет. Андай учурда көбү жумушу жок, үйдө отуруп калат. Бул кайра эле экономикалык зомбулукка, көз карандылыкка алып келиши ыктымал.
Кызыл-Кыядагы Тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин мугалими Гульзара Аширкулова өспүрүм кыздардын психологиясына токтолуп өттү.
“Секелек курактагы кыздар эрте турмуш курганга да, балалуу болгон да даяр эмес болот. Азыркы күнгө чейин окуучу кыздарымдын бири менен байланышып турам. Ал 16 жашында турмушка чыгып, боюнда болуп калды. Чогуу окуган курбуларынан уялып, ичин жооолук менен байлап жүргөн экен. Төрөгөндөн кийин баласы чарчап калды. Бүгүнкү күндө ал 18ге чыкты, күйөөсү менен жашап жатат. Мен мугалимдерге да, эне катары энелерге да кайрылгым келет. Жаш кыздарын коргойлу, билим алууга шарт түзүп берели”.
Жаш активист, “Кыз кыялы” блогунун автору Айгерим Алманбетова кыргыз коомунун кыз-келинге болгон мамилеси жана чектөөлөрү аянычтуу статистикага себепкер экенин айтууда. Алманбетова “бала кезинен стереотиптерге кабылып өскөн кыздар укуктары үчүн күрөшө албайт” деп эсептейт.
“Бизди кичинекейбизден ушундай тарбиялашат. Мисалы, үйдө кыз кишиге "кыздын бараар жери күйөө, турмуш курушу керек" деп кайталап, айтып турушат. Менимче, ар бир кыз турмуш куруу курагын өзү чечип жана тандоого акылуу. Ар бир кыз өз кыялын ишке ашырып, билим алууга укуктуу. Мен ала качуу жана кызды мажбурлап күйөөгө узатууга караманча каршымын. Кыргыз коому мындай учурларды жектегенде гана аянычтуу тагдырлар азаят эле”.
Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексине киргизилген мындай жобо 2016-жылы кабыл алынган.
Ал эми ала качуу — бул аялдарды никеге тургузууга мажбурлоо үчүн уурдоо. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.
Ушул жылдын башында Чоң-Алай райондук соту 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энени, күйөөсүн жана анын ата-энесин диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн эки жыл, алты айга эркинен ажыраткан.
Бирок бул эрте турмуш куруу үчүн сотко чейин жеткен бул сейрек учурлардын бири. Адистер көбүнесе эки тараптын макулдашуусу же жабырлануучу тараптын арызы жок иш тергелип, убагында сотко өтпөй каларын айтышат. Буга чейин маселени чечүү үчүн көтөрүлгөн расмий каттоосу жок нике кыйбоо демилгеси колдоо тапкан эмес.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.