Өкмөт убада кылган ооруканалардын курулушу кечеңдеди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында курулуп жаткан ооруканалар өз убагында бүтпөй калды. Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги бейтапкана 25-августта даяр болот деп убада кылган. Эми өкмөт курулуш иштери сентябрдын аягында бүтө турганын билдирип жатат. Имараттар шашылыш курулуп жаткандыктан, курулуштун сапатынан шек санагандар да жок эмес.