Пахта: терим башталды, баа аныктала элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пахтанын баасы чечилбей, Жалал-Абад облусунун дыйкандарын санаага салууда. Ак алтындын наркы дүйнөлүк базарда аныкталат. Бааны жергиликтүү заводдор же өкмөт чече албайт. Азырынча дыйкандар жыйнаган түшүмүн насыяга өткөрүп жатышат. Өткөн жылга салыштырмалуу ак алтындын түшүмдүүлүгү жогору. Былтыркы жылы пахтанын бир килосу 43 сомдон сатылып башталса, кийин 37-38 сомго чейин төмөндөп кеткен.