Баткен менен Жалал-Абадга Бишкектен аба каттамдары жанданат

«Манас» аба майданы. Бишкек, Кыргызстан.

Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, 15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак каттай баштайт. Ал эми Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Каттамдарды «ТезЖет» аба компаниясы жүргүзөт.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Баткен менен Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак каттап жатат.

Ал эми эл аралык каттамдар августтан тартып жанданды. Азырынча Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына учак каттоодо. (ZKo)

Дагы караңыз Курсан Асановдун иши боюнча сотто адвокат алмашты

Дагы караңыз «Ордо» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Дагы караңыз Адвокат: Азимжан Аскаровдун үйү жубайына катталбай жатат