Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Адвокат: Азимжан Аскаровдун үйү жубайына катталбай жатат


Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү.
Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси үйүн кайтарып ала албай жатат. Бул тууралуу 8-сентябрда «Азаттыкка» Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов билдирди.

Жактоочунун айтымында, үй камактан быйыл апрель айында чыккан, бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү бөлүмү документтерди маркумдун жубайы Хадича Аскаровага каттап бере элек.

«Булар «жок» деп да, «ооба» деп да жооп бербей жатышат. «Эртең кел, бүгүн кел» деп… Мыйзам боюнча 10 күн ичинде чечилиши керек болчу», - деди ал.

Вахитовдун айтымында, Аскаровдор жабыркаган тарапка 175 миң сом кенемтесин төлөп беришкен.

Базар-Коргон райондук кадастр мекемесинин директору Алмазбек Султаналиев "Азаттык" радиосуна бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Соттун чечими менен камакка салынгандыктан биз чыгарып бере албай жатканбыз. Бүгүнкү күндө сот аткаруучулардын атынан токтом чыгып келди. Документи даяр. Эртең келип алып кетсе болот".

2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, быйыл 25-июлда түрмөдө каза болгон Аскаровдун Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан үйү ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка коюлуп, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен камактан чыгарылган. 2019-жылы үй кайрадан камакка коюлган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG