Монтенегро: түмөндөгөн адамдар Сербияга ыктоо саясатына каршы чыгышты

Жүрүшкө чыккандар «Бул Сербия эмес!», «Биз Монтенегрону эч кимге бербейбиз!» деп кыйкырып турушту.

Монтенегродо соңку парламенттик шайлоодо Сербияга ыктаган саясий күчтөр жеңгенинен улам жекшембиде баш калаа Подгорица баштаган бир катар шаарларда нааразылык акциялары өттү. Кечинде башталган жүрүшкө түмөндөгөн адамдар катышты жана анда «Монтенегронун эгемендигин коргоо» тууралуу чакырыктар айтылды. Жүрүшкө чыккандар «Бул Сербия эмес!», «Биз Монтенегрону эч кимге бербейбиз!» деп кыйкырып турушту.

Монтенегродо парламенттик шайлоо 30-августта өткөн жана анда үч оппозициялык альянс парламенттеги 81 орундун 41ин алган.

Шайлоо алдында үч оппозициялык коалиция бириккенин, жаңы өкмөт курашарын жарыялашкан жана алар өлкөнү дээрлик 30 жылдан бери башкарып жаткан Мило Жукановичти коррупция, сөз эркиндигин куугунтуктоо жана добуш берүүдөгү көз боёмочулук үчүн айыпташкан. Президент болсо дооматтардын баарын четке каккан.

Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо болуп калды.

Монтенегро Сербиядан бөлүнгөнү Батышка ыктап, 2017-жылы НАТОго мүчө болгон. Ушул тапта Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Серб улутчулдары Подгорицанын Белграддан бөлүнгөнүн таанышпайт.

Соңку шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө экономикалык кризис күчөп турган маалга туш келди.

Дагы караңыз Партиялар үгүт иштерин баштады

Дагы караңыз Катылган айыптын капыс келген жазасы

Дагы караңыз Кыргызстандын экспорту кризиске карабай көбөйдү. Бирок сүйүнүүгө себеп жок