Бейрутта уранды алдында калган тирүү адамды издөө оңунан чыккан жок

Бейруттагы 4-августтагы катуу жарылууда 190дой адамдын өмүрү кыйылып, дагы алты миңдей киши жабыркаган.

Ливандын борбору Бейрут шаарында уранды алдында аман калган болушу мүмкүн деген адамды издөө аяктады. Атайын аппарат менен үйрөтүлгөн ит урандынын алдында тирүү адам болушу мүмкүн деген белги бергенден кийин 50дөй куткаруучу үч күн бою ошол жерди казып, бирок тирүү адам табылган эмес.

Чилиден келген ыктыярчы куткаруучулар тобунун башчысы Франсиско Лерманда ишембиде 2-сентябрда адам дем алып жаткансыган белги эми аныкталбай калганын кабарлады. Мындан ары алар урандыларды тазалоо, анын алдында калган сөөктөрдү чогултуу менен алектенишерин айтты.

Бейруттагы 4-августтагы катуу жарылууда 190дой адамдын өмүрү кыйылып, дагы алты миңдей киши жабыркаган. Ливандын борбор шаарынын айрым көчөлөрү тыптыйпыл кыйраган.

Өкмөт каргашалуу окуядан бир жума өткөндөн кийин кызматтан кеткен. Ага Бейруттагы өкмөттү коррупцияга, шалаакылык боюнча айыптаган калайман каршылык акциялары себеп болгон.

Өткөн айдын аягында дайындалган жаңы премьер-министр Мустафа Адиб Франция баштаган эл аралык коомчулук талап кылып жаткан реформаларды ишке ашырууга убада берген.

Дагы караңыз «Бүтүн Кыргызстан» БШК менен соттошот

Дагы караңыз Партиялар үгүт иштерин баштады

Дагы караңыз IRI: Кыргызстандыктар бийликтин ишине канааттанбайт