Саясий партиялар БШК менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Меморандумга кол коюу БШКнын имаратында болду. Кол коюуга "Ата Мекен" жана "Реформа" партияларынын өкүлдөрү келген жок.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-сентябрдан тартып үгүт иштери башталганын айтып, алдыда таза жана ачык шайлоо өткөрүү озуйпасы турганын белгиледи:

«Шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө чогуу аракеттенсек гана жетише алабыз. Ошондуктан биз саясий партияларга алдыдагы шайлоону калыс жана таза өткөрүш үчүн чогуу иштөө максатында меморандум түзүүнү сунуш кылдык. Мен бардык партиялар берген убадасынын өтөөсүнө чыгат деп үмүттөнөм. Бул да жигитчилик келишим, өзүнчө кодекс».

Дагы караңыз

«Бүтүн Кыргызстан» сотко кайрылат (видео)Жээнбеков: Өлкөдөгү бүгүнкү оор абал оппозициялык партиялардын жеңишин шарттайтШайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү башталды«Биримдикке» бириккен аткаминерлерСуваналиев: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы атайын буйруктун негизинде катталган жок

Нуржан Шайлдабекова меморандумга кол койгон бардык партиялар Конституция жана Кыргызстандын мыйзамдары талап кылган милдеттерин аткарып, шайлоо өнөктүгүн ачык, шайлоочулардын укуктарын жана кызыкчылыгын жогору коюу менен жүргүзөт деген ишеничин билдирди.

Маалыматка ылайык, өз ара түшүнүшүү меморандумуна талапкер катары каттоодон өткөн бардык саясий партиялар кол коюшту.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.

БШК 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттады. Шайлоого катышуу укугунан «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары ажыратылды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын чечимин «саясий чечим» деп билдирип, сотко кайрыларын билдирди. (ZKo)