Ындыкара аял 2021-жылы тарыхта алгач ирет Эл аралык космос станциясына учат

Жанетт Эппс.

Астронавт Жанетт Эппс 2021-жылы эки кесиптеши менен Эл аралык космос станциясына учат. Бул тууралуу АКШнын Космостук агенттиги - NASA кабарлады.

Нью-Йоркто жашаган 49 жаштагы Эппс тарыхта алгач ирет аталган станцияда иштеген ындыкара аял болот.

Дагы караңыз

Эл аралык космостук уюмдар Айды иликтөө иштерин талкуулашатКытай Айга отургузган пахтанын уруктары өнө баштадыКытайдын космос станциясы океандын үстүндө күйүп кетти

2000-жылы аэрокосмикалык техника боюнча доктор макамын алган Эппс космоско 2018-жылы учмак. Бирок учууга бир ай калганда белгисиз себептен улам орду башка адиске алмаштырылган.

Жанетт Эппс Эл аралык космос станциясына «Boeing CST-100 Starliner» кемесинде чыгат.