Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Кытай Айга отургузган пахтанын уруктары өнө баштады


"Чаңэ-4" Айдын бетинен жиберген биринчи сүрөт. 3-январь, 2019-жыл.
"Чаңэ-4" Айдын бетинен жиберген биринчи сүрөт. 3-январь, 2019-жыл.

Тарыхта биринчи жолу Айдын көрүнбөгөн тарабына конгон Кытайдын планета аралык "Чаңэ-4" аттуу станциясы алгачкы жолу биологиялык экспериментти ишке ашырды. Станция жеткизген пахтанын уруктары өнө баштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Эксперимент үчүн алты түрдүү өсүмдүктүн уруктары тандалып алынган. Станцияда орнотулган фотоаппараттардын сүрөттөрүндө көрүнгөндөй, пахтанын уруктары алгачкы болуп өнүп чыга баштаган.

Мурда Айдагы радиация шартынын тирүү жандыктарга тийгизген таасирин америкалык астронавттар "Аполлон-17" миссиясын жөнөткөн кезде 1972-жылы изилдеген.

Аталган космос аппараты 2018-жылдын 8-декабрында учурулган. Анын башкы миссиясы - Айдын буга чейин белгисиз болуп келген тарабын иликтөө. Аппарат радиоастрономиялык байкоо жүргүзүп, Айдын бетинин түзүлүшүн жана курамын иликтейт.

Чаңэ кытай мифологиясы боюнча Айдын пири деп эсептелет. Кытайдын космос программасынын алкагында 2013-жылы "Чаңэ-3" аппараты Жердин табигый жандоочуна конгон. Жакынкы он жылда Бээжин Айга өзүнүн биринчи пилотторун жөнөтүүнү көздөп жатат. (KR)

XS
SM
MD
LG