Израил менен БАЭнин ортосунда алгачкы авиакаттам ишке ашырылды

31-августта Абу-Дабиге учуп келген Израил учагы.

Бириккен Араб Эмираттары Израилди мамлекет катары тааныгандыгы жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан үч жума өтүп, Абу-Дабиге Тел-Авивден алгачкы учак учуп келди.

31-августта «El Al Israel Airlines» компаниясынын учагындагы алгачкы жүргүнчүлөр Израилдин жана АКШ өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болушту. Арасында АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана улук кеңешчиси Жаред Кушнер, Израил өкмөтүнүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Меир Бен-Шабат бар.

Кушнер менен Шабат Абу-Дабиде Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилени талкуулашат.

Дагы караңыз

Израил менен АКШнын делегациялары Бириккен Араб Эмираттарына келдиАКШнын мамкатчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгышты кыдыратБАЭ менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштадыИзраил менен БАЭ мамилесин жөнгө салды

13-августта Бириккен Араб Эмираттары Израилди мамлекет катары таанып, дипломатиялык алака орнотуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. АКШнын ортомчулугу менен ишке ашырылган бул кызматташууга ылайык, Израил Батыш жээкти аннексия кылууну токтотот.

Бириккен Араб Эмираттарынын чечимин Иран, Түркия жана Палестина кескин сындады.

Израил 1967-жылы алты күндүк согуштун натыйжасында Сирияга тиешелүү дөңсөөлөрдү, Палестинага таандык Чыгыш Иерусалим жана Газа аймагын басып алган.

Израил кийинчерээк Газадан кошуундарын алып кеткен, бирок Чыгыш Иерусалимди аннексиялап алган. Батыш жээкте Израилдин оккупациясы уланып келаткан.