Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгышты кыдырат


АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху. 24-август, 2020-жыл.
АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху. 24-август, 2020-жыл.

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео 24-августта Израилге барды. Ал премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен Иерусалимде жолукту. Алар Вашингтондун ортомчулугу аркылуу Бириккен Араб Эмираттары менен Израилдин ортосунда түзүлгөн тарыхый макулдашууну талкуулашат.

Израил менен Араб Эмираттары 13-августта дипломатиялык алакаларды түзгөнүн жарыялашкан. Ага ылайык, Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бөлүктөрүн аннексиялоону убактылуу токтотот.

Бириккен Араб Эмираттары - Перс булуңунда Израил менен толук дипломатиялык алака түзгөн биринчи мамлекет.

Бул кадамды Перс булуңундагы бир нече мамлекет кубаттаган. Бирок Иран, Түркия жана Палестина нааразы болгон.

Маалыматка караганда, Помпео беш күндүк сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарына, Бахрейнге, Катарга жана Суданга барганы жатат.

Помпео Катарда талибдер менен сүйлөшүшү мүмкүн экени айтылган. Ушул тапта «Талибан» кыймылы менен Кабул Ооганстандагы согушту токтотуу максатында ички сүйлөшүүлөрдү баштаганы турушат.

XS
SM
MD
LG