Берлинде бийликтин илдетке каршы күрөшүнө нааразылар митингге чыкты

Берлиндеги Бранденбург дарбазасынын жанында өтүп жаткан митингдин катышуучусу. 29-август, 2020-жыл.

Берлинде коронавирус пандемиясына каршы бийликтин саясатына жана чектөөлөргө нааразылардын митинги өтүп жатат.

"Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, 29-августта Берлиндин жашоочулары көптөгөн борбордук көчөлөргө чогулду.

Митингге чыккандардын көпчүлүгү беткапсыз. Метролордун кире бериштеринде Берлин транспортунун коопсуздук кызматкерлери элди беткап кийүүгө үндөп турушат.

Дагы караңыз

Венгрия коронавирустан улам чек араларын жаба баштадыИндияда бир күндө 38 миңден ашуун адамдан коронавирус табылдыЭлди кыйнаган оорунун эстен чыккан сабагы ДССУ: вакцинаны адилет бөлүштүрөлүКазакстан: Коронавирустун вакцинасы бекер болбойт

Адамдар чогулган жерлерде полиция да жүрөт, бирок алар чогулгандарга эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Эл чогулуп жаткан аймактын үстүндө полициянын тик учагы да кырдаалга көз салып, айланып учуп жүргөнү кабарланды.

"Bild" маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип, дагы бир борбордук көчө - Фридрихштрасседе 18 миңге чукул адам чогулганын билдирди.

Берлиндин көчөлөрүндөгү коопсуздукка ушу тапта 3 миң полициячы көз салууда. Эл чогулган жерлерге суу бүркө турган автоунаалар алып келингени кабарланды. Бирок маалыматка караганда, алар көп жылдан бери чогулган элди таратуу үчүн эмес, жолдорду автоунаалардан тосуу үчүн колдонулуп келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Германия оору жуктургандардын саны жагынан 20-орунда. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 243 миңге чукул адамга вирус жуккан. Оорудан көз жумгандардын саны 9360ка жетти. 217 миңден ашууну сакайып чыкты.

Германияда 83,8 миллионго чукул калк жашайт.