Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Казакстан: Коронавирустун вакцинасы бекер болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Багдат Кожахметовдун маалыматына караганда, өкмөт элдин 11,5% гана акысыз вакцина менен камсыз кылат. Калгандары аны сатып алышат.

«11,5% эл - тобокелчилик тобундагы адамдар. Булар жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана башка оорулар менен жабыркагандар, жашы 65тен улуулар. Ал эми дени сак, иштеп жаткан адамдар вакцинаны сатып алышат», деди Кожахметов.

Анын айтымында, казак өкмөтүнө вакцина сатып алууга 18 млрд. теңге же 43 млн. доллар керек болот.

Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын маалыматына караганда, вакцинанын бир дозасы 10 доллардан 20 долларга чейинки баада болот. Айрым мамлекеттер коронавирус вакцинасы бекер болорун билдиришүүдө. АКШ өз жарандары коронавируска каршы вакцина менен акысыз камсыздаларын маалымдаган.

11-августта президент Владимир Путин коронавируска каршы «Гам-КОВИД-Вак» деп аталган алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн маалымдаган.

12-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиядан вакцина алыш үчүн күздүн башында Москвага өкмөттүк делегация барарын билдирген. Бирок ошол эле күнү Кожахметов Казакстан Орусиядан вакцина толук сыноодон өтмөйүнчө алынбай турганын айтып чыккан. 14-августта Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова өлкө сатыкта биринчи пайда болгон вакцинаны сатып аларын билдирген.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина иштелип чыгууда. Алар сыноо мөөнөтүнүн түрдүү баскычтарында турушат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) миңдеген адамдар катышкан сыноолор бир нече айга созулаарын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG