Акрам Мадумаров Ташкентте өзбек өкмөт башчысы менен жолукту

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров. Ташкент. 26-август, 2020-жыл.

26-августта Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкенттеги жумушчу сапарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Алар эки өлкө кызматташтыгын, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ишин талкуулашты. Мындан сырткары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек арадагы кызматташтык маселелери кеп болду.

Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов эки өлкө башчыларынын саясий эрки менен эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Дагы караңыз Министрдин орун басары өзбек элчиси менен чек ара маселесин талкуулады

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 5% жакыны такталбай турат. (TSh)