Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Министрдин орун басары өзбек элчиси менен чек ара маселесин талкуулады


Хуршид Мирзахидов .
Хуршид Мирзахидов .

24-августта Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугуп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин өкүлү өзбек элчиси менен эки тараптуу кызматташтык боюнча да пикир алмашты.

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 5% жакыны такталбай турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG