Кочкордо аялдар сүттү кайра иштетүүнү үйрөнүшөт

Кочкордо жумушсуз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарга сүттү үй шартында кайра иштетип, пайда көрүү боюнча тренинг башталды. Адистер аймактагы 26 аялга сүт азыктарын жасап ишкерлик кылуунү үйрөтүп жатышат.

24-августта башталган бир апталык окутууну «Глобалдык өзгөрүүлөр фонду» «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун колдоосунда уюштурду.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2% гана аялдар. Ири ишкер аялдардын ичинен 22% өндүрүш тармагында, 56% соодада иштейт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар 19% түзөт. (SE)

Окуганга кызыктуу

«Ислам аялдын мураска болгон укугун танбайт»Тең укуктуу үй-бүлөнүн телегейи тегизАла качууну тамашага айлантпаш керекКоомду өзгөрткүбүз келсе музыка сабагын окуталы