Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:00

Ошто «Аялдар өзгөрүү алып келишет» аттуу улуттук өнөктүк жыйынтыкталды


3-мартта «Аялдар өзгөрүү алып келишет» аттуу улуттук өнөктүктүн Ош шаарында өткөн жыйынтыктоочу отурумуна өлкөнүн бардык аймактарынан лидер аялдар катышты. Отурумда аялдарды жергиликтүү шайлоолорго жандуу катышууга чакырыктар айтылды.

Долбоордун координатору, «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фондунун жетекчиси Авазхан Ормонованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, «Аялдар өзгөрүү алып келишет» аттуу өнөктүк бир жылдан ашуун убактан бери бардык аймактарда иш алып барды. Ормонова "Аялдар коомдогу бардык маселелерге өз үнүн кошуп, жашоону жакшыртууга, өзгөртүүгө кудуреттүү экендигин далилдей алышты" деди.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы шайлоо мыйзамдарына киргизген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык аялдар жергиликтүү кеңештерде 30% кем эмес мандатка ээ боло алышат.

Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. Үгүт өнөктүгү шаардык кеңештерди шайлоого карата 13-мартта, айылдык кеңештерди шайлоого карата 23-мартта башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG