Коронавирус дагы 113 кишиден табылып, бир бейтаптын өмүрүн алды

Дене табын текшерүү учуру. Кыргызстан. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир киши кайтыш болду. 113 кишиден коронавирус лабораториялык жол менен табылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 42си Бишкекте катталды.

Баткен облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда - 12, Чүй облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош шаарында– 3, Нарын облусунда – 3, Талас облусунда 1 кишиден вирус табылды.

Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

26-августка карата вирус жалпы 43358 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты. (NT)

Дагы караңыз

Бээжинде коронавируска чалдыккандардын баары айыктыВирустан айыгуу узакка созулушу мүмкүнПандемияда адам укуктары одоно бузулду