Беларус оппозициясынын кезектеги митинги

Минск, 23-август, 2020-жыл.

Минскинин борборунда миңден ашык адам “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.

23-августта Беларуска тилектештик билдирген акциялар 26 мамлекетте өтөрү күтүлүүдө. Аларга айрым президенттер жана жогорку даражадагы расмий адамдар да катышары маалым болду.

Акцияны утурлай борбор калаага кошумча күч түзүмдөрү тартылганы байкалган. Ошол эле маалда Коргоо министрлиги билдирүү таратып, тартипти бузгандарга полиция эмес, армия чара көрөрүн билдирди.

Александр Лукашенко беларустарды Гроднодогу митингде күч кызматкерлеринин “каталарын кечирүүгө” чакырды. Бул күч кызматкерлери 9-августтагы шайлоодон кийин демонстранттарды сабаган эле.

Минск, 23-август, 2020-жыл.

Күч түзүмдөрү.

Украинада да Беларуска тилектештик митинги өтүүдө.

Александр Лукашенконун “НАТО Беларус менен чек арага аскерлерди жиберди” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу НАТОнун өкүлү Оана Лунгеску билдирди. “НАТО Беларус же башка кайсы бир өлкө үчүн коркунуч жаратпайт”, - деди Лунгеску.

Минск, 23-август, 2020-жыл.