Трамптын мурдагы кеңешчисине шылуундук боюнча айып коюлду

Стив Бэннон.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Стив Бэннонго АКШ-Мексика чек арасына дубал куруш үчүн акча чогултууда шылуундукка барган деген айып коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги бейшембиде билдирди.

Манхэттендин федералдык прокурорлору Бэннон баштаган бир нече адамды акча чогултуу өнөктүгү учурунда жүз миңдеген долларды алдап алган деп айыптоодо. Демөөрчүлөр берген каражат чек арада дубал курууга сарпталат деп ойлошкону, бирок айыпталуучулардын бири Брайан Колфаге аны жеке кызыкчылыгы үчүн короткону айтылат.

Бэннон адегенде Трамптын шайлоо штабында иштеп, кийин Ак үйдө кеңешчи болгон.

Түштүктөн агылган мыйзамсыз мигранттарды өткөрбөө максатында Трамп талапкер кезинде эле АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал курууга сөз берип, шайлангандан кийин убадасын аткарган.

Дагы караңыз

АКШ-Мексика чегинде дагы бир мигрант бала чарчап калдыАКШ-Мексика: чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттар кармалдыАКШ-Мексика: чек ара кризиси курчуду